• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстан Сенатынын сайты хакердик чабуулга кабылды

3 Жетинин айы 2022 17:56 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын сайты (Олий Мажлис) Senat.uz 2-ноябрда хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.

Ушул тапта сайтты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Сенаттын сайты өз ишмердүүлүгүн nw.senat.uz. домени менен жүргүзүүдө.

Сайтка жасалган чабуул активисттер тобу Орусия президенти Владимир Путинден орден алган сенаттын төрайымы Танзила Нарбаеванын отставкасын талап кылып, петиция жарыялаган маалга туш келди. Бүгүнкү күнгө карата петицияга 100дөй киши кол койду.

Өзбекстан парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы бул сыйлыкты алуу «чоң сыймык» экенин айтып, «президент Путинге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет, биз бул орденди сөзсүз түрдө эмгегибиз менен актайбыз» деген.

Өзбекстандын жетекчилигиндеги экинчи киши эсептелген сенат төрайымынын Кремлден орден алып жатып, аны «эмгегибиз менен актайбыз» деп айткан сөзү коомчулук арасында катуу нааразылык жараткан.

Количество просмотров: 96