Өзбекстан мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримованын Швейцарияда камакка алынган активдеринен дагы 95 миллион долларды кайтарып алды. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Отабек Фозилкаримов билдиргенин Daryo басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, буга чейин Швейцариядан алынган 87 миллион доллар саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына жумшалган.
Быйыл февралда Өзбекстан менен Швейцария Каримованын камактагы мүлкүн бөлүштүрүү боюнча келишимге кол коюшкан. Анын алкагында Өзбекстан Швейцариядан 182 миллион доллар кайтарып алары маалым болгон.
Бул каражат Өзбекстанга БУУнун алдында түзүлгөн фонд аркылуу которулуп жатат. 2022-жылдын февраль айында Өзбекстан Каримованын Швейцария банктарында 2012-жылдан бери турган 131 миллион долларын кайтарууга даяр экенин жарыялаган.
Фозилкаримов учурда Бельгиянын бийлиги менен да 108 миллион долларды кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.