• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстан сууну үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтөт

30 Жетинин айы 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан үчүн кийинки жыл сууну үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтүү мезгили болот. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 29-ноябрда суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга арналган видеоселектордук жыйында билдирди.

«Өлкө сууну үнөмдөөнүн авариялык системасына өтөт. Анын алгачкы маанилүү бөлүгү – арыктар менен каналдарды бетондоо болот», – деди Мирзиёев.

Маалыматка караганда, эң көп суу жоготуу Каракалпакстан Республикасында, Наманган, Навои, Хорезм жана Бухара облустарында катталат. Каналдардын аягында жайгашкан 175 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыз кылуу өтө оор абалда.

«Жалпысынан суу жоготууларынан улам өлкө экономикасы жылына 5 миллиард долларлык кирешеден кур жалак калууда», – деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу суу чарбачылыгында «каналдарды бетондоо боюнча эпкиндүү жыл» жарыяланып, кийинки жылы 1 500 чакырым каналды (быйылкыга салыштырмалуу 4 эсе көп) бетондоо милдети коюлду. 2025-жылы бери дегенде эле 2 миң чакырым каналды бетондоо пландалууда.

Жыйында ошондой эле сууну үндөмдөө боюнча Түркиянын, Испаниянын жана Кытайдын тажрыйбаларын изилдөө, аны Өзбекстанда колдонуу маанилүү экени белгиленди.

Сууну үнөмдөө технологияларын киргизүүнү каалаган дыйканчылык чарбарлар үчүн эки жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен беш жылга насыялар бериле баштайт.

Количество просмотров: 103