• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстан Түркияга 100 турак жай контейнерин жөнөтөт

29 Жалган куран 2023 15:28 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан гуманитардык жардамдын алкагында Түркиянын жер титирөөдөн катуу жабыркаган Хатай провинциясына жашоого ылайыкташкан 100 контейнер жөнөтөт. Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, модулдук үйлөр 2016-жылы Стамбулдагы өзбек диаспорасы негиздеген Seyhun билим берүү жана маданият ассоциациясынын жардамы менен орнотулат. Ал контейнерлердин ар бирине бирден үй-бүлө жайгаштырылат.

«Контейнерлерди Овакент районуна орнотууну пландап жатабыз. Азыр бизде 80ден ашык контейнер орнотууга жете тургандай курулуш материалдарыбыз бар. Алардын артыкчылыгы болттор менен буралып курулганында. Зарыл болгон учурда кайрадан чогултуп, башка жерлерге орнотсо болот», – деди Seyhun ассоциациясынын башчысы Тахир Абдуллах.

Ал Овакент районунда контейнерлерди орнотуу иштерин 15 күндүн ичинде аяктоо пландалып жатканын кошумчалады.

Жалпы аянты 21 чарчы метрди түзгөн контейнерлердин ичинде жата турган, жууна турган бөлмөсү, ашканасы, ажатканасы болот. Алар сыртынан жылууланып, түрдүү мезгилдик факторлорго туруктуу келет.

Быйыл 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгыш жана Сириянын түндүк-батыш аймактарында күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 50 миңден ашык киши өлүп, он миңдеген адам турак жайсыз калган. Түркияда бул кырсыкка байланыштуу үч айга өзгөчө абал жарыяланган.

Количество просмотров: 156