Экономика жана тынчтык институтунун Global Terrorism Index 2023 деп аталган жаңы баяндамасында Өзбекстан терроризм тобокелдигине байланышкан абалы начарлаган өлкө деп бааланды.
Өзбекстан террордук коркунуч рейтингинде 163 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашкан. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстанга салыштырмалуу Тажикстанда гана терроризм тобокелдиги жогору деп табылып, 50-орунга жазылган. Баяндамада Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан терроризм коркунучу жок өлкөлөрдүн катарына киргизилген.
Ооганстан террористтик коркунуч тобокелдиги эң жогору деп бааланып, рейтингде 1-орунга жайгашкан. Экинчи орунга Буркина-Фасо (Батыш Африка), үчүнчү орунга Сомали жазылган.
Буга чейин Өзбекстан көптөгөн жылдар бою терроризм тобокелдиги жок өлкөлөрдүн катарында болуп келген.