• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстан ТИМ башчысы: Биз Луганск жана Донецк республикаларын тааныган жокпуз

17 Жалган куран 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Украинадагы оор кырдаалды эске алуу менен Өзбекстан бул өлкөгө гуманитардык жардам берүүнү улантат. Бул тууралуу 17-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлис Сенатынын жалпы жыйынында билдирди.

«Өзбекстан Республикасы Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жактайт. Биз Луганск жана Донецк республикаларын тааныган жокпуз», — деди Камилов.

Ал тышкы саясий концепцияны эске алуу менен Өзбекстан бир дагы аскердик блокко кошулбай турганын белгиледи.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Украинадагы жаңжалдан кийин Батыштын Орусияга карата киргизген санкциялары Өзбекстанга түз таасирин тийгизип жатканын айтты. Камилов Ташкент үчүн бул санкциялардын терс таасирин жоюу маанилүү экенин белгиледи.

Количество просмотров: 144