• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстан умраны жандандыруу боюнча Сауд Арабиясы менен сүйлөшүү жүргүздү

16 Бештин айы 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

Пандемияга чейин кичи ажылык үчүн акча төлөп койгон өзбекстандыктар жакын арада умрага Мекке жана Мединага бара алышат.

Өзбекстан мусулмандарынын дин иштери башкармалыгы билдиргендей, муфтий Нуриддин Холикназаров жана Дин иштери боюнча комитеттин төрагасы Содикжон Ташбаев баштаган өзбек делегациясы 1-9-декабрда бул маселени чечүү үчүн Сауд Арабиясына барып келген.

Сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Расмий кабарда жакын арада өзбекстандыктар кичи ажылыкка бара алары гана айтылган.

Соңку эки жылдан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдөгү бардык мусулмандар умра жана ажылык зыярат үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатышкан.

Количество просмотров: 103