• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстан: жарандардын өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди

23 Кулжа 20209:01 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын чечимине ылайык, Өзбекстанга санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандар акча төлөп, мейманканаларга 14 күндүк карантинге жайгашса болот.

Жарандарды кабыл ала турган мейманканалардын тизмесин Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет менен Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык агенттиги түзөт.

Мындан тышкары атайын комиссиянын чечими менен өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы чаралар киргизилди. Ага ылайык, эпидемиологиялык коопсуздуктун «кызыл» деңгээли киргизилген Ташкенттеги маалелер жабылып, көчөлөрдүн кесилиштерине блокпосттор коюлат.

Количество просмотров: 122