• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда 1-класстын окуучуларына кол көтөргөн мугалим жумуштан бошотулду

14 Жалган куран 2024 18:00 Бишкек Govori.TV

Хорезм облусунун Ханка районундагы орто мектептин башталгыч класс мугалими менен түзүлгөн эмгек келишими 2024-жылдын 1-мартында токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысы Сураё Рахмонова билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Хорезм облусунда мугалим башталгыч класстын окуучуларын сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуя 23-февралда болгон.

Видеодо сабак учурунда мугалим алгач окуучу баланы уруп, андан соң кызга кыйкырып, жаака чапканын көрүүгө болот. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул окуяны ички иштер органдары иликтеп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, мугалим балдарды тапшырманы талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн урган.

Балдар акыйкатчысынын кеңсеси кабарлагандай, 1-мартта мугалимдин эмгек келишими токтотулган.

Мындан тышкары окутуучуга Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин «денеге жеңил залал келтирүү» беренеси боюнча айып салынды.

Количество просмотров: 120