• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстанда 15 суткага камалган блогер абактан чыкты

21 Бирдин айы 2024 17:47 Бишкек Govori.TV

15 суткага камалган диний блогер Аброр Мухтор Али (Аброр Абдуазимов) 21-февралда Ташкент райондук сотунун чечими менен бошотулду. Бул тууралуу Kun.uz агенттигинин өз булагы билдирди.

Блогер 6-февралда камалган.

Блогер жана анын тарапташтары «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» жана «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз ишин аткаруусуна каршылык көрсөтүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Абдуазимов достору менен 6-февралда Шайхантахур райондук администрациясынын имаратында ызы-чуу чыгарган. Блогер сотто күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүчүн билдирди.

Абдуазимов 2023-жылдын февраль айында дагы бир блогер Никита Макаренконун беделине шек келтирген жалган маалыматтарды таркатканы үчүн жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөгө милденттендирилген.

Абудазимовдун YouTube каналына 700 миңден көп киши катталган. «Инстаграмда» бир миллион, Телеграмда 100 миңден ашуун катталуучусу бар.

Количество просмотров: 93