• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Өзбекстанда 15 жаштагы кызды зордуктаган үч жигит соттолду

8 Теке 2024 14:02 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Навои шаарында 15 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган бир нече жигит соттолду. Бул тууралуу Kun.uz сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, 2023-жылы декабрда 18 жаштагы улан шаардагы аттракциондордун биринин жанындагы жертөлөдө 2008-жылы туулган кызды зордуктаган. Андан соң жертөлөгө дагы үч жигит кирип, алардын бири кызды белгисиз дарек боюнча алып барып, бир нече күн зордуктаган.

Соттун 7-июндагы өкүмүнө ылайык, бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үч айыпталуучу «Бойго жете электер менен жыныстык катнашка баруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын бири 5,1 жылга, экинчиси 4,5 жылга жана үчүнчүсү 3,5 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Маалыматка караганда, кызды зордуктоого шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн бири да айыпталууда. Ал быйыл январда Ташкентке окууга барып, зордукталган кызды шаарга чакырып, аны менен жыныстык катнашта болгон.

Булактардын айтымында, бул факты боюнча Новаи облустук прокуратурасы тергөөчүгө каршы кылмыш ишин козгоп, ал камакка алынган.

Учурда кызды зордуктаган дагы үч жигиттин иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 106