• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өзбекстанда 16 жаштагы өспүрүм өз апасын өлтүрдү

3 Баш оона 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусунда 16 жаштагы өспүрүм тааныштары менен бирге өз апасын өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 31-июль күнү кечинде саат 9дарда болгон. Мекемеден адам өлтүрүү фактысы кайсыл райондо катталганын так билдиришкен жок.

Тергөөнүн версиясы боюнча өспүрүм мындай кадамга үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам барган. Бул үчүн ал тааныштарынан жардам сурап, алар менен бирге апасын өлтүргөндөн кийин сөөгүн үйдүн жер төлөөсүнө көмүп коюшкан.

Шектүүлөр кармалып, бул факты боюнча «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 2671