• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өзбекстанда 2023-жылы жалпы инвестициянын көлөмү 42 миллиард долларга жетет

28 Бирдин айы 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда 2023-жылы жалпы инвестициянын көлөмү 42 миллиард долларга жетет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 27-февралда өткөн жыйын учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылы 31 миллиард өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. Анын натыйжасында соңку беш жылда өнөр жай өндүрүшү 1,4 эсеге, экспорт 1,5 эсеге көбөйгөн.

Быйыл 11 миллиард доллар түз инвестицияны өздөштүрүү пландалууда. Бул өлкөдөгү жалпы инвестициянын көлөмүн 42 миллиард долларга чыгарууга жол ачат.

Мирзиёев экономиканын туруктуу өсүшү үчүн жакынкы беш жылга өндүрүштү 1,5 эсеге көбөйтүп, экспортту 20 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлганын айтты. Бул үчүн 120 миллиард доллар инвестиция, анын ичинде 70 миллиард доллар чет элдик инвестиция зарыл.

Дүйнөлүк банк 2022-жылы май айында жарыялаган баяндамасында Өзбекстан башка өлкөлөрдөн экономикалык өнүгүү жаатында 30 жылга артта экенин белгилеген.

Количество просмотров: 85