• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстанда 30 миңден ашык адам жалган жалаа жана мазактоо үчүн соттолгон

23 Жетинин айы 202418:03 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда 2024-жылдын январь-октябрь айларында Административдик жоопкерчилик кодексинин “Жалган жалаа жабуу” жана “Мазактоо” беренелери боюнча 30 миңден ашуун адам жоопкерчиликке тартылгандыгын «Азаттык» жазды. Ошол

Анын ичинен жалган жалаа жабуу боюнча 2 423 киши, ал эми мазактоо боюнча 27 928 киши жоопкерчиликке тартылган. Жогорку соттун өкүлүнүн маалыматы боюнча, алардын баарына айып пул түрүндө жаза чегерилген.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, 10 айда дагы 572 киши Кылмыш кодексинин “Жалган жалаа жабуу” жана “Мазактоо” беренелери менен соттолушкан. 121 киши кодекстин 139-беренеси (“Жалган жалаа жабуу”) менен соттолсо, анын ичинен 11 кишиге айыппул салынган, 14 киши түзөтүү жумуштарына жөнөтүлгөн, 92 киши эркиндигинен ажыратылган. Шарттуу мөөнөт менен жазалоо өкүмүнө 4 киши тартылган.

Ал эми “Мазактоо” беренеси менен 10 айда 451 киши соттолгон. Анын ичинен 92сине айып пул салынган, 242 киши түзөтүү жумуштарына жөнөтүлгөн, 4 киши милдеттүү коомдук жумуштарга чегерилген жана 110 киши эркиндигинен ажыратылган. Дагы 3 киши шарттуу мөөнөт алган.

Количество просмотров: 144