• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өзбекстанда 5 суткага камакка алынган блогер бошотулду

17 Жетинин айы 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда «этикага туура келбеген» контент үчүн беш суткага камакка алынган инста-блогер Севинч Садуллаева төрт күндөн кийин эркиндикке чыкты.

Блогердин апелляциялык арызын караган Ташкент шаардык соту беш суткалык жазаны төрт суткага өзгөрттү.

Блогер Севинч Садуллаевага каршы Ташкент шаарынын акиминин орун басары Нодира Умарова арыз жазып, 11-ноябрда ал райондук соттун чечими менен беш суткага административдик камакка алынган.

20 жаштагы Севинч Садуллаева жасаган ишине өкүнүп жатканын, кичинекей баласы бар экенин айтып, ырайым кылууну өтүнгөн. Ал соцтармактарда тарап кеткен видео жана сүрөттөрү Инстаграмга бир нече ай мурун жарыялаганын белгилеген. Блогер жеңил жаза берүүнү сурап, мындан ары бул сыяктуу иштерге барбай турганын жана видео менен сүрөттөрдү өчүрөрүн айткан.

Количество просмотров: 65