• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстанда 5 жылга соттолгон студент эркиндикке чыкты

3 Жалган куран 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаардык соту 22 жаштагы студенттин жазасын кайра карап, шарттуу түрдө эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку соту билдирди.

21 жаштагы Сардор Рахмонкулов Telegram аркылуу классташына диний билдирүү жөнөткөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык соттун жыйынтыгы менен 2-мартта ал эркиндикке чыкты.

Жогорку соттун билдирүүсүндө чечим «коомчулуктун талкуусуна эмес, мыйзамда каралган калыстык жана адап-ахлактык жактан кайра тарбиялоо принциптерине негизделгени» айтылат.

Рахмонкулов жети ай тергөө абагында отуруп, быйыл 30-январда 5 жылга эркинен ажыратылган.

Бул окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Жаштар иши боюнча агенттиктин башчысы, сенатор Алишер Саъдуллаев ишти карап чыгып, жаш жигитке жардам берерин айткан.

Количество просмотров: 254