• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Өзбекстанда 6,5 жылга соттолгон блогер шартуу түрдө эркиндикке чыкты

6 Бирдин айы 2024 12:54 Бишкек Govori.TV

Сот сурхандарыялык блогер Отабек Сатторинин жазасын жеңилдетип, эркиндикке чыгарды. Жазанын өтөлө элек бөлүгү түзөтүү жумуштарына алмаштырылды.

Бул тууралуу Кашкадарыя облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Блогер 2021-жылдын май айында соттолгон, кийинчерээк чечимди даттануу аракети натыйжа берген эмес – апелляциялык инстанция жана Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Декабрь айында Саттори жалпы режимдеги колониядан жатак абакка которулган. Мыйзамга ылайык, ал жакка жаза мөөнөтүнүн үчтөн биринен кем эмес бөлүгүн өтөп, оңолуу жолуна түшкөндөр которулат.

5-февралда Карши райондук кылмыш соту Сатторинин жазаны жеңилдетүү боюнча өтүнүчүн карап, аны канааттандырды.

41 жаштагы Отабек Саттори 2021-жылы майда Сурхандарыя облусундагы Музрабат райондук сотунун чечими менен 6,5 жылга соттолгон. Ал «Опузалап акча талап кылуу» жана «Жалаа жабуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Саттори акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну өтүнгөн.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 2021-жылы январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган.

Эл аралык уюмдар Сатторинин соттолушун Өзбекстандагы «сөз эркиндигине жасалган сокку» деп мүнөздөшкөн.

Количество просмотров: 64