• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстанда 7 жаштагы кыз ур-токмоктон көз жумду

20 Жалган куран 202417:11 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусунун Бука районунун тургуну жети жаштагы жээнин сабап өлтүргөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ташкент облусунун Бекабад районунда жашаган жубайлар 2 кызын Бука районундагы тууганына таштап, Орусияга иштегени кетишкен. Ал жерде кыздары күн сайын ур-токмокко кабылган.

Айыпталуучунун айтымында, 12-мартта ал үй тапшырмасын аткарбаган жети жаштагы жээнин таяк менен сабаган. Кыз алган жараатынан улам ооруканага жеткирилип, аялга «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 13-мартта аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эки күндөн кийин, 15-мартта кыз реанимацияда каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 181