Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 15-октябрда Каршы шаарындагы жатак абактан «Зордуктоо» беренеси менен соттолгон адам качып кеткенин ырастады.
17-октябрда ИИМдин Коомдук коопсуздук департаменти абактан качкан адам 15-октябрь күнү кечинде эле кайра кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ал 2015-жылы 14 жашка чыга элек өспүрүмдү зордуктоо айыбы менен 15 жылга соттолуп, 2020-жылы жатак абакка которулган.
Соттолуучунун бул аракетине укуктук баа берилгенден кийин калган жаза мөөнөтүн өтөөсү үчүн аны кайрадан жабык режимдеги абакка которуу маселеси каралат.