• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы төмөндөй турганы күтүлүүдө

12 Бештин айы 2022 10:31 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда жакынкы күндөрү Аи-80 бензининин литри 5500 сумга (0.5 доллар) чейин төмөндөй турганы күтүлүүдө. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Шерзод Хожаев билдирди. Буга акциздик салыктын убактылуу жоюлушу себеп болот.

Шерзод Хожаевдин айтымында, Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди импорттоо жана сатууда акциздик салыкты убактылуу алып таштоо – күйүүчү майды чекене баасын 1000−1200 сумга төмөндөтөт.

Бийлик акциздин салыкты эки айга алып таштоону пландап жатканы 7-декабрда айтылган. Бул арада мунайды кайра иштетүүчү заводдор бензиндин бул үлгүсүн чыгарууну да көбөйттү.

Бул чаралар Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин 5500 сумга чейин төмөндөшүнө алып келет. Ушул тапта “Өзбекмунайгаз” компаниясынын май куюучу жайларында бензиндин литри 6800 сумдан сатылууда.

Буга чейин Өзбекстанда дээрлик 300дөй май куюучу жай баанын негизсиз жогорулашы жана продукциянын сапатынын төмөндүгүнөн улам бензин алууну токтоткону кабарланган.

Количество просмотров: 127