• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда археологиялык эстеликти толугу менен жок кылган тургун кармалды

25 Баш оона 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы «Кунжутлитепа» археологиялык эстелигин толугу менен талкалап, маданий мураска 47,5 миллиард сум (4,3 миллион доллар) зыян келтирген тургун кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, «Дархон» маалесинин топурак сатуу менен алектенген тургуну жооптуу мекемелердин бир канча жолку эскертүүлөрүнө карабастан, «Кунжутлитепа» археологиялык эстелигин толугу менен жок кылган.

Жергиликтүү прокуратура «Өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен материалдык-маданий мурас объектилерин бузуу, жок кылуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү камакка алынды.

Өзбекстандын Кылмыш кодексине быйыл киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Количество просмотров: 119