16-апрелде Термез шаардык акимчилигинин алдындагы оюн-зоок паркында чынжыр үзүлүп кетип, төрт адам, анын ичинде эки бала жабыркаган. Бул тууралуу Өзбекстандын Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-апрелде Термез шаарында жайгашкан «Болажон» оюн-зоок паркындагы аттракциондун отургучу сынып, жерге кулап түшкөн. Натыйжада төрт адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
«Атракцион сезон алдында толук кароодон өткөн эмес. Сезон башталганга чейин ал уруксаты жок пайдаланылган», — деп айтылат маалыматта.
11 жана 15 жаштагы эки кыз, ошондой эле 27 жана 29 жаштагы эки келин жаракат алган. Алардын экөө Казакстандын жараны.
Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.