Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Акалтын районунда газ толтуруучу жайдан чыга бериште Isuzu үлгүсүндөгү автобустун ичиндеги метан баллондорунун бири жарылып, алты киши каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болгон. Кырсыктын кесепетинен дагы 15 адам жараат алган. Автобус Хорезм облусунун Багат районундагы автомектепке таандык болгон.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана прокуратуранын кызматкерлери барган. Тергөө иштери башталды.