• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Өзбекстанда аялын бала бакчада сабаган киши эртеси аны өлтүрүп салды

29 Баш оона 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусунун Куйичирчик районунда бала бакча тарбиялануучуларынын көзүнчө аялын сабаган киши эртеси аны өлтүрүп салган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Буга чейин интернетке эркек киши аялын кемсинтип, аны сабап жатканы тартылган видео жарыяланган. Маалыматка караганда, окуя 24-августта болгон. «Пахтакор» маалесинин 31 жаштагы тургуну үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн жана кызганычтан улам 24 жаштагы аялын сабаган. Эртеси ал аялы качып барган кайнатасынын үйүнө терезеден кирип, аялына бычак сайган. Аял алган жараатынан улам каза болуп калган.

Бул окуяга байланыштуу «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Тергөө иштерин райондук прокуратура жүргүзүүдө.

Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлагандай, жубайлардын урушу көчөдө башталып, күйөөсү сабай баштаганда аялы «Ласточка» деген жеке бала бакчанын короосуна кире качкан. Анын артынан келген күйөөсү аялды балдардын көзүнчө сабаган.

Количество просмотров: 7415