• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстанда аялын бычактап өлтүргөн киши өз жанын кыйды

6 Жалган куран 2023 14:47 Бишкек Govori.TV

Сырдарыя облусундагы Янгиер шаарынын тургуну аялын бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 2-мартта Янгиер медициналык колледжинин короосунда болгон. 46 жаштагы жергиликтүү тургун 40 жаштагы аялын бычактап өлтүрүп, андан соң эки жолу өзүнүн мойнуна жана төшүнө бычак сайган. Ал дароо ооруканага жеткирилгенине карабастан каза болуп калган.

Янгиер шаардык прокуратурасы бул факты боюнча «Атайлап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Количество просмотров: 463