• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстанда балдардын жапырт ууланышына байланыштуу 3 дарыгер камакка алынды

29 Жетинин айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда курамында йод бар «Антиструмин» дарысын ичкенден кийин балдардын жапырт уулануусуна байланыштуу үч дарыгер камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечимин Яшнабад райондук соту 7-ноябрдан 16-ноябрга чейинки аралыкта кабыл алган.

Дарыгерлер «Ири өлчөмдө акча кымыруу» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү, санитардык мыйзамдарды, эрежелерди бузуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Буга байланыштуу Өзбекстандын Дарыгерлер ассоциациясы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жасап, камакка алынган аял дарыгерлерге жеңилирээк жаза берүүнү өтүнүштү. Ассоциациянын маалыматына караганда, үч дарыгер тең доктордук даражага ээ окумуштуулар болуп эсептелишет. Билдирүүдө көз карандысыз адвокаттар «Ири өлчөмдө акча кымыруу» беренеси боюнча айыптын туура тагылганынан күмөн санап жатышканы белгиленген.

Өз кезегинде өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул кайрылуу боюнча билдирүү таратып, «мындай маалыматтардын жарыяланышы тергөө иштерин объективдүү жүргүзүүгө тоскоол кыларын» белгилеп, бардык тараптарды «тергөө аяктаганга чейин социалдык түйүндөргө эч кандай маалымат чыгарбоого чакырды».

21-сентябрда Наманган облусунун Чуст районунда «Антиструмин» дарысын ичкен 71 бала уулануу белгилери менен ооруканага жеткирилген.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарынын курамындагы йодго ууланганын эки айдан кийин гана расмий түрдө мойнуна алган.

Количество просмотров: 170