• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда балдарын батирге алмаштырууга аракет кылган ата-эне соттолду

29 Жалган куран 2024 17:03 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Гүлистан шаардык соту балдарын батирге алмаштырууга аракет кылган аял менен эркектин ишин карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эркек киши сотто мыйзамдуу түрдө башка аял менен никеде болгонун, андан төрт баласы бар экенин айткан. Шарият менен кыйылган никесинен эгиз кыздар төрөлгөн.

Каржылык кыйынчылыктан улам ата-эне эгиздерди бир бөлмөлүү батирге алмаштырууну чечкен. Алар балдарды берүүгө макулдашып, мүлккө ээлик кылуу үчүн документтерди алып жатканда кармалган.

Эркек менен аялга кылмыш иши козголду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин «Адам сатуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эркек алты жылга, аял үч жылга эркинен ажыратылды.

Количество просмотров: 177