Январь айында Өзбекстанда керектөөчүлөр электр энергиясы менен газды мыйзамсыз колдонгон 995 учур аныкталды. Бул тууралуу «Узэнергоинспекция» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, өткөн айда 20 миллион 486 миң кВ/саат электр энергиясы жана 47 миллион 387 миң куб метр жаратылыш газы уурдалган. Анын жыйынтыгында мамлекетке 94 миллиард 542 миллион сум ($7,666 млн) зыян келтирилген.
«Узэнергоинспекциядан» кошумчалашкандай, ишкана кызматкерлери өлкөнүн бардык аймактарында 24 969 алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында энергоресурстарды колдонуу эрежесин бузуу үчүн 937 административдик иш катталган.