• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстанда блогер камалды

31 Теке 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

29-июлда Ферганада кармалган белгилүү блогер Олимжон Хайдаров ошол эле күнү соттун чечими менен камакка алынды.

Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы Хайдаров даярдаган сын макаласын жарыялабоо үчүн «Коканд Истиклол» соода комплексинин жетекчилеринен 10 миң доллар талап кылууга шектелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ал мурда 7500 доллар алып, калган 2500 долларын алып жатканда кармалган.

Июнь айынын аягында Хайдаров өзүнүн Telegram-каналында базардагы катарлардын тардыгынан өрт өчүрүүчү унаа өтө албай калганын белгилеген.

Хайдаров бул тууралуу видео жарыялайм деп коркуткан, андан кийин укук коргоо органдары соода комплексин текшере башташы керек болчу. Соттун чечиминде блогер алгач 5 миң доллар алып, андан кийин дагы 5 миң доллар талап кылганы айтылат.

Блогер жергиликтүү бийликти сындаган посттору менен белгилүү.

Количество просмотров: 92