• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстанда блогерди өлтүргөн киши 16,5 жылга кесилди

10 Баш оона 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук соту 9-августта Asalhoney ысымы менен таанымал блогер Асаль Хожаеванын өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Расмий маалыматка караганда, сот хорезмдик 25 жаштагы Каримберган Шоназаровду атайлап киши өлтүрүүгө жана каракчылыкка айыптап, 16,5 жылга эркинен ажыратты.

Сот мындан тышкары маркумдун банкта сакталган 10,2 миллион сумун (1000 доллардын тегереги) анын мыйзамдуу өкүлүнө кайтарып берүүнү жана 20,85 миллион сум чыгымды анын пайдасына өндүрүүнү токтом кылды.

Асаль Хожаеванын сөөгү быйыл 18-мартта өз батиринде табылган.

Количество просмотров: 139