• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда бюджеттик кызматкерлер президенттин мөөнөттүн узартууну сунуштоого мажбурланган

4 Баш оона 2022 18:07 Бишкек Govori.TV

1-августта Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик талкуу аяктады. Конституциялык комиссия жарандардан 117 357 сунуш келип түшкөнүн, алардын көбү президенттин мөөнөттүн узартууга байланыштуу болгонун билдирди.

«Озодлик» радиосунун маалыматына караганда, бюджеттик кызматкерлер президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартуу же Шавкат Мирзиёевди өмүр бою президент кылып калтыруу өтүнүчү менен кат түрүндө сунуш жөнөтүүгө мажбурланышкан.

Редакцияга Бекабад шаарындагы «Узметкомбинат» ишканасынын жумушчулары Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасына берилген тиешелүү сунуштун көчүрмөсүн жөнөтүшкөн.

«Мен Ташкент облусунун Бекабад шаарында жашайм. Учурда мамлекетибизде жүрүп жаткан бардык реформаларга өтө ыраазымын. Ошондуктан Конституциянын 90-беренсине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайм. Менин сунушум – Өзбекстанда президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу же мамлекет башчысын өмүр бою президент кылып калтыруу”, – деп жазылган ишкананын жумушчулары кол коюп берген кайрылууда.

Жумушчулардын айтымында, бул текст алдын-ала даярдалган. Июлдун аягында ишкана жетекчилиги кызматкерлерге кайрылуунун төмөн жагына аты-жөнүн жазып, кол коюп берүүнү буюрган.

Өзбекстандын азыркы Конституциясынын 90-беренесинде өлкө президентинин ыйгарым укуктары беш жыл деп көрсөтүлгөн.

Жизак облусунун Заамин районундагы мамлекеттик органдардын биринде иштеген аткаминер «Озодлик» радиосуна кайрылып, бул аймакта да бюджеттик кызматкерлер президенттик мөөнөттү узартуу сунушун айтууга мажбурланышканын билдирди.

«Ички иштер, прокуратура органдарынын, мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлерин 1341 кыска номуруна телефон чалып, президенттик мөөнөттү жети жылга узартууну өтүнүүгө мажбурлашты. Биздин райондун тургундары президентке ишенбей калды. Алгачкы эки жылда эл үчүн иштеген, азыр акчаны офшорлорго чыгарып кетип жаткан туугандары үчүн иштеп жатат. Жергиликтүүлөр Каримовдун эки кызы болсо, Мирзиёевдин тойбогон көп тууганы бар экенин айтып жатышат», – деди ал.

Азырынча Өзбекстандын Конституциялык комиссиясы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун датасын жарыялай элек. Бирок өлкөнүн бардык аймактарында ага даярдык кызуу жүрүүдө.

Эгер алдыдагы референдумдун жыйынтыгы менен Конституциянын жаңы редакциясы жактырылса, Мирзиёев өлкөнү 83 жашына чейин же өмүр бою башкарат.

Количество просмотров: 162