• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өзбекстанда дагы бир аял күйөөсүнүн колунан каза болду

7 Бугу 20249:05 Бишкек Govori.TV

Жизакта 25 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан жан берди. Ал  жубайын катуу сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Nemolchi.Uz сайты билдирет.

Маалыматка караганда, Жизак облусунун Шараф-Рашидов районундагы үйлөрдүн биринен күйөөсү өлтүргөн делген аялдын сөөгү табылган.

«Алардын үй-бүлөсүндө чыр-чатак токтогон эмес. 2022-жылы олуттуу жаңжал чыгып, андан кийин ал төркүнүнө кетип калган. Ага коргоо ордери чыгарылган. Анын кантип каза болгонун билбейбиз, бирок үч жашар баласы атасы аны таяк менен сабаганын айтты», — деген маркумдун эжеси.

Аялдын өлүмү боюнча облустук прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталды.

Количество просмотров: 182