• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын ичкен 65 бала каза болгон. Аза күтүү жарыялоо сунушталды

17 Баш оона 2023 17:36 Бишкек Govori.TV

Gazeta.uz басылмасы Индия өндүрүшүнөн чыккан жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» сиробун ичип каза болгон балдарды эскерүү үчүн улуттук аза күтүү жарыялоону сунуштады.

«Бир эле баланын өлүмү бир үй-бүлө үчүн эмес, бүтүндөй мамлекет үчүн чоң трагедия. Тынчтык заманда чарчап калган 65 жаш баланын өлүмүн эч кандай сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес», — деп жазат редакция.

Басылма белгилегендей, аза күтүү күнүн жарыялоо менен мамлекет бул өлкөдө адамдын жашоосу чындыгында эң бийик баалуулук экенин, кайдыгер эместигин, көңүл кош эместигин көрсөтөт. Трагедияны эскерүү адамдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна жооптуу жетекчилерге да мындай окуялар кайталанбашы үчүн сабак болот.

Былтыр жыл соңунда Өзбекстанда «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Дээрлик он айдан кийин бул дарынын залалынан 65 бала көз жумганы аныкталган.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.

Количество просмотров: 91