• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Токаевге көңүл айтты

10 Үчтүн айы 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаевге Казакстанда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

«Казакстан Республикасында болуп өткөн кайгылуу окуяларды терең тынчсыздануу менен, жүрөгүм ооруп кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын тынч калкынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнүндө Сизге жана боордош Казакстандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус жоготуунун күйүтүн жана ызасын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирүүнү өтүнөм.

Мамлекеттерибиздин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына таянып, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун бузулбас принциптерине таянуу менен биз Казакстан Республикасын ишенимдүү кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары ар дайым колдойбуз.

Ушул оор мезгилде боордош Казакстан элине стабилдүүлүк, биримдик, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 125