• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстанда доллардын наркы жогорулады

12 Жетинин айы 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

11-ноябрда Өзбекстандын бир катар банктарында доллардын наркы жогорулады.

Өзбекстандын коммерциялык банктары 1 долларды 10 710 (84,40 сом) сумга сатып алып, 10 770 (84,87) сумга сатууда. Бул жаңы максималдык чек.

Алмаштыруу курсунун буга чейинки рекорду дээрлик эки ай мурун белгиленген. 16-сентябрда 1 доллар 10 760 сумга чейин көтөрүлгөн.

Февралдан бери Өзбекстандын Борбордук банкы валюта курстарын мурдагыдай жумасына эмес күн сайын жарыялоодо.

Эсеп палатасынын баяндамасына караганда, жаңы жылда Өзбекстанда доллардын наркы 11 300 сумга чейин жетет.

Количество просмотров: 86