• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда дыйкандар пахта акысын ала албай жатышат

23 Үчтүн айы 2024 16:31 Бишкек Govori.TV

Үч ай мурун кластерге пахта тапшырган өзбек дыйкандары дагы эле акчасын алыша элек. Кластер менен түзүлгөн келишимге ылайык, дыйкандар 31-декабрга чейин тапшырган чийки пахтанын акчасын толук алышы керек.

Келишимдин шарттары боюнча, кластер дыйканга ар бир кечиктирилген күн үчүн айып төлөшү шарт.

«Биз биригип, аракет кылышыбыз керек. Кластер эч качан өзү келип акча бербейт. Ал акчаны кечиктиргени үчүн кечирим да сурабайт», — деп жазат өзбек фермерлеринин бири.

«Адегенде жаңы жылга чейин төлөйбүз деп убада кылышса, эми апрель айына чейин күтүүнү суранып жатышат», — деп жазат дагы бир дыйкан.

Өзбекстандагы кластерлер дыйкандарга гана эмес, пахта терүүчүлөрдүн акысын да толук төлөй албай калышты.

Акыркы үч жыл ичинде Өзбекстанда жеке пахта кооперативдери түзүлгөн. Бирок кластерлер жергиликтүү акимдердин жардамы менен бул кооперативдердин өнүгүшүнө ар кандай тоскоолдуктарды жаратып келишет.

Буга карабастан кооперативдер мамлекеттен эч кандай насыя албай туруп, пахтаны өз каражаттарынын эсебинен өстүрүп, аны биржада сатууга аракет жасашууда.

Былтыр президент Шавкат Мирзиёев өзбек дыйкандарына эркиндик берген жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, 2024-жылдан баштап дыйкандарга каражатты кластерлер эмес, Коммерциялык банктар фонду бөлөт.

Количество просмотров: 73