• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда экстремизм шеги менен 29 аял кармалды

13 Аяк оона 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаары менен Ташкент облусунда «Хизб-ут тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеаларын үгүттөдү деп шектелген 29 аял кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы Өзбекстандын Ички иштер министрлигине таянуу менен жазды.

Расмий маалыматка караганда, шектүүлөр «Хизб-ут тахрир» диний экстремисттик уюмунун «аялдар канатынын кылмыш аракетин токтотуу максатында жүргүзүгөн чукул иш-чаралардын» жүрүшүндө кармалган. ИИМ маалымдагандай, кармалгандар түрдүү мессенжерлер аркылуу «Хизб-ут тахрир» уюмунун издөөдө жүргөн мүчөлөрү менен байланышта болушкан. Алардын көрсөтмөлөрү менен эл арасында аталган уюмду пропагандалап, мүчө болууга чакырышкан.

«Аталган аялдар турган жерлерден жана алардын мобилдик телефондорунан экстремистик мүнөздөгү материалдар табылды… Ушул тапта алардын аракетине укуктук баа берип, жоопко тартуу үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 51