• Бейшемби 21 Тогуздун айы 2021

Өзбекстанда эшектин этин саткан адам эки жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилди

24 сентября 2021 в 18:44 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Карши шаардык соту эшектин этин сатып жүргөн жаранды эки жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирди.

Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, укук коргоо кызматкерлери аны эшек союп жаткан маалда кармашкан. Анын үйүнөн эшектин терилери менен эти, ошондой эле 20га жакын тирүү эшек табылган.

Алгач кармалган адам этти иттерине берээрин айтып, бирок кийинчерээк сатууга даярдап жатканын мойнуна алган.

Быйыл майдын аягында Кашкадарыя облусунун Касан районунда эшек союу менен алектенген жергиликтүү төрт тургун кармалганы кабарланган.

Количество просмотров: 361