• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда газ көйгөйүн чагылдырган блогер дээрлик 2 миң доллар айып пулга жыгылды

14 Бештин айы 2022 14:23 Бишкек Govori.TV

13-декабрда Фергана облусунун кылмыш иштери боюнча райондук соту блогер Олимжон Хайдаровго 21 млн сум (1 900 долларга чукул) айып пул салды.

Өзбекстандын Жогорку соту билдиргендей, соттук териштирүү учурунда блогерге митинг уюштуруу жана өткөрүү тарбинин бузуу жана жалган маалымат таратуу айыбы тагылды.

Соңку учурларда Олимжон Хайдаров электр жана газдын өчүрүлүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү көп чагылдырып келген.

Блогер Хайдаров – Өзбекстанда электр кубаты менен газ тартыштыгын сындаганы үчүн жазага тартылган алгачкы киши эмес. 7-декабрда жаратылыш газынын берилбей жатканына байланыштуу нааразылык уюштурган заводдун жети жумушчусу 5-10 суткага камалган. Гипс чыгарган заводогу нааразылык акциясын Олимжон Хайдаров чагылдырган.

Количество просмотров: 85