• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстанда имам мечит курулушуна чогулган акчаны уурдоого шектелүүдө

15 Жетинин айы 202215:14 Бишкек Govori.TV

Хорезм облусуна караштуу Кошкупыр районундагы «Ислом бобо» мечитинин имамы мечит куруу үчүн соцтармактар аркылуу чогулган акчаны кымырып алууга айыпталууда. Бул тууралуу облустук прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, имам социалдык түйүндөр аркылуу ашар жолу менен жаңы мечит курууга акча чогултуу жөнүндө жарыя таратып, 40 млн сум (3,5 миң доллар) топтогон.

Райондук ички иштер бөлүмү имамга карата «Кызмат абалын пайдалануу менен жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ушул тапта тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Иш Хорезм облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 123