• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстанда ишкерлер менен жашоочулар күн батареяларын сатып алууга мажбурланууда

16 Бирдин айы 2023 17:13 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда газ менен электр кубатынын жетишсиздиги коомчулуктун нааразылыгын жаратып жаткан маалда бийлик көйгөйдү күн энергиясы аркылуу чечүү маселесин карап жатат.

Быйыл энергетикалык каатчылык өкүм сүрүп жаткан маалда Шавкат Мирзиёев мамлекеттик жана жеке мекеме-ишканалардан толугу менен күн энергиясына өтүүнү талап кылган.

Ушул тапта жергиликтүү ишкерлер менен тургундар банктан насыя алып, күн батареяларын орнотууга мажбур болуп жатышканына даттанууда.

«Акимчилик: панелдерди орнот же ишкананы жап деп жатат. 1,6 кВт күн панелин 19 млн сумга (1700 доллар) жана 2,2 кВт күн панелин 27 млн сумга (2400 доллар) сатып алууга мажбурлашууда», — деди Хаятулло аттуу анжияндык ишкер.

Анжиян облусунда күн батареяларын орнотуу өнөктүгү ай башында аймакка Шавкат Мирзиёев келип кеткенден кийин башталган.

15-февралда Анжиян облустук администрациясы бизнесмендер күн батареяларын алууга мажбурланып жатканы жөнүндөгү маалыматтарды четке каккан. Акимчиликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жыйында күн батареясын орнотуунун артыкчылыктары гана айтылганы жазылган.

Маалыматтарга караганда, 2023-жылдан баштап мамлекеттик ишканалар, чарба объектилери жана фермердик чарбалар альтернативдүү электр камсыздоого өтө баштайт.

Количество просмотров: 65