• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстанда издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү Бишкектен кармалды

21 Жетинин айы 2023 15:23 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле трансулуттук кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан ишинин алкагында 2023-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С.Ш. аттуу жараны кармалган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстан Республикасынын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, А.С.Ш. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, А.С.Ш. жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Учурда кармалган А.С.Ш. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылды.

Количество просмотров: 89