Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр катаалдайт
8 Теке 2020 15:58 Бишкек Govori.TV
Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдайт. Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды.
Ага ылайык, төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилет:
транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет; мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жарым-жартылай аралыктан иштөөгө өткөрүлөт же эмгек өргүүсүнө чыгарылат; мамлекеттик органдарда, уюмдарда жана ишканаларда чогулууга тыюу салынат; аймактар ортосундагы транспорт каражаттарынын кыймылына (айыл-чарба азыктарын ташууга) тыюу салынат; маданий-көңүл ачуучу жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат; үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынат; 65 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларда болууга, көчөлөрдө үчтөн көп болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат.
Атайын комиссиянын чечими менен бул мезгилде төмөнкү ишкерлик субъектилердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат:
Парктар, аттракциондор жана эс алуу аймактары; Кийим-кече саткан ири базарлар; Машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер; Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана окутуу борборлору; Коомдук тамактануу жайлары (ресторандар, кафелер, чайханалар); Санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери, конок үйлөрү, суу жээктери жана башка эс алуу жайлары.
Мындан тышкары эл аралык каттамдардын саны эки эсеге азайтылып, жүк ташуу унааларынын айдоочулары коронавируска тест тапшырууга милдеттендирилет.
Подписаться:
Количество просмотров: 126