• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда каржы пирамидасынын уюштуруучулары кармалды

19 Бугу 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Жизак шаарында каржы пирамидасын уюштургандар кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар Telegram мессенджери аркылуу иштеп, жалпысынан 692 миллион сумдан ашык (62 миң доллар) каражат топтошкон. Март айында алар Instagram’га жарнама чыгарып, 50 доллар салгандардын акчасын 7-8 эсе көбөйтүп берүүнү убадалашкан.

Каржы пирамидасын уюштургандарга карата «Акча же башка мүлктү тартуу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 120