• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шаардык сот Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын карайт

1 Бугу 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Эртең, 2-майда «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отургандардын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Эрлан Бекчоро уулунун жактоочусу Тимур Султанов билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту буга чейин Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Айданбек Акматов, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Эрлан Бекчоро уулу, Кубанычбек Кадыровдорду 20-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошол эле учурда райондук сот Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Гүлнара Журабаева, Улукбек Маматаев жана Асия Сасыкбаеваны үй камагына чыгарган. Андан мурдараак Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылып, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, отузга чукул саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча өткөн жылдын 23-октябрында камакка алынган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Количество просмотров: 150