• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Митингде активисттерди милиция кармап кетти

10 Үчтүн айы 202313:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-январда Бишкектеги Ички иштер министрлигинин алдында өткөн нааразычылык акциясында милиция кызматкерлери чогулгандарды кармап кетти.

Маалым болгондой, кармалгандар Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилет. Арасында А.Бекназаровдун жубайы Гүлүмкан Мамакеева, бир тууганы Казымбек Бекназаров да бар.

Белгилей кетсек, бүгүн ИИМдин алдына Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен пикетке чыгышкан.

Количество просмотров: 1236