• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өзбекстанда катуу шамалдан улам миңдеген керектөөчү жарыксыз калды

20 Кулжа 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

19-июнда катуу шамалдан улам Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд жана Жизак облустарында 10 миңдеген керектөөчү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алгач Бухара жана Навои облустарындагы 29 560 керектөөчүнун электр энергиясы өчкөн. Кечке жакын Самарканд облусунда дагы 9 миң абонент жарыксыз калган.

Акыркы күндөрү Өзбекстандын бир катар аймактарында кумдуу бороондор уланууда.

Социалдык түйүн колдонуучулары айылдар менен жолдорго кумдуу бороондун жакындап келе жатканы тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Количество просмотров: 86