• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өзбекстанда коронавирус менен ооруган жаран көз жумду

27 Жалган куран 202011:59 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда коронавирус менен ооруган бейтап инфаркт миокардасынан көз жумду. Бул тууралуу республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

26-мартта Наманган районунун 72 жаштагы жашоочусу жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус диагнозу менен жеткирилген. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында атайын лабораториялык анализдин жыйынтыгында ал бейтаптан коронавирус инфекциясы аныкталган.

Ал бейтап коронавирусту 12-мартта Түркиядан кайтып барган кызынан жуктурган. Ал кызы карантинге алынган. Маркум көп жылдан бери диабет жана жүрөк оорусунан жабыркап келген.

Количество просмотров: 203