Акыркы бир жумадан бери Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 24-ноябрда 98 киши COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды.
Санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук жана коомдук саламаттык кызматынын жетекчи орун басары Нурмат Отабековдун айтымында, акыркы жети күндүн ичинде өлкөдө коронавирус жуктурган 482 киши ооруканага жаткырылса, 358 бейтап сакайып чыкты. Мындан тышкары 2 310 жаран карантинге алынып, 1 306 адам карантинден чыгарылды.
«Акыркы 14 күндүн анализине ылайык, Өзбекстанда вирустун жайылуу көрсөткүчү 2,0дү (ДССУ эксперттеринин корутундусу боюнча 1,0 көрсөткүч болсо абал туруктуу деп эсептелет) түздү. Учурда COVID-19ду дарылоо үчүн ачылган ооруканаларда 539, үйлөрүндө 187 бейтап дарылунууда», – деп кошумчалады Отабеков.
23-ноябрга карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 245 665 кишиге жетип, алардын 243 234ү (99,1%) сакайып чыкты. COVID-19га кабылгандардын калган 0,6% же 1 637си каза болду.