• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда Курандын колго жазылган нускасын уурдагандар кармалды 

19 Баш оона 2022 16:59 Бишкек Govori.TV

Наманган облусунун Чартак районундагы зыярат кылуучу жайдан ыйык Курандын колго жазылган нускасын уурдап кеткен эки киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө китепти Наманган шаарында жана Чартак районунда жашаган эки киши уурдап кеткени аныкталып, алар 10-августка караган түнү кармалган.

Мекемеден билдиришкендей, кармалгандар Курандын колго жазылган нускасын Наманган шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине катып коюшкан. Далил буюм катары алынган китеп зыянга учураган эмес.

Буга чейин Наманган облусунун Чартак районундагы «Султон Увайс Караний» зыярат кылуу жайында сакталып турган Курандын колго жазылган көчүрмөсү уурдалганы кабарланган.

Ыйык Курандын уурдалган көчүрмөсү 1874-жылы жибектен жасалган. Узундугу 74 сантиметрди, туурасы 51 сантиметрди жана калыңдыгы 12 сантиметрди түзгөн китеп 426 барактан турат. Анын ар бир бетинде 13 саптан аяттар жазылган.

Куран китеп 1995-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөн шаарында жашаган имам Эшонхан Окиловдун үйүндө сакталып келген. 1995-жылы намангандык Камолхан Мухиддинов аны Өзбекстанга алып барып, «Султон Увайс Караний» жайы оңдолгондон кийин 2019-жылдан бери ошол жерде сакталып турган.

Количество просмотров: 157